Поздравление Чрезвычайного и Полномочного Посла Кыргызской Республики в ФРГ Э.Б.Абдылдаева проживающим в Германии соотечественникам с наступающими праздниками – Рождеством и Новым 2021 годом.

Дорогие соотечественники и друзья!

От имени Посольства Кыргызкой Республики в Германии и от себя лично поздравляю Вас с наступающим праздником Рождества и Новым годом, желаю крепкого здоровья, семейного благополучия и всех земных благ!
Уходящий год из-за коронавируса стал одним из самых непростых для всего человечества. Мы в очередной раз познали всю глубину значения слов «крепкое здоровье» и это больше не является каким-то абстрактным пожеланием.
Под влиянием пандемии мир значительно изменился. Еще не известны точные масштабы ее экономических, социальных и гуманитарных последствий. Текущий беспрецедентный мировой кризис показал насколько уязвимой и неустойчивой является система глобальной торговли и транспортно-логистической взаимосвязанности. При этом наблюдается усиление процессов цифровизации на всех уровнях.
Пользуясь случаем, выражаю признательность диспоральным организациям и кыргызстанцам в Германии, которые в этом году внесли свой вклад в оказание адресной помощи медицинским учреждениям Кыргызстана в виде необходимых для лечения больных Сovid-19 медицинских аппаратов и других средств.
В 2020 году мы отметили 75-летие Победы в Великой Отечественной Войне. Это знаменательная и важная дата для всех нас. К сожалению, с годами все меньше и меньше остается наших ветеранов. Отдельно желаю дорогим ветеранам, прежде всего, крепкого здоровья и стойкости духа.
Хотел бы подчеркнуть поступательное развитие двусторонних отношений между Кыргызстаном и Германией в 2020 году в различных сферах, в том числе, отдельные мероприятия были проведены в онлайн-формате. Взаимодействие между нашими странами ведется также в рамках борьбы с пандемией.
В начале Нового года нас ожидает важное событие в жизни Кыргызстана – 10 января 2021 года состоятся досрочные выборы Президента Кыргызкой Республики и всенародный референдум, на который вынесен вопрос относительно формы правления в нашей стране.
В завершении позвольте еще раз пожелать Вам счастливого и удачного Нового 2021 года!
С наилучшими пожеланиями,
Эрлан АБДЫЛДАЕВ.

«Берлин телеграфы» басмасына Кыргыз Республикасынын ГФРндагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э. Б. Абдылдаевдин Германияда жашаган мекендештерге арналган келе жаткан майрамдык – Рождество жана Жаӊы 2021-Жыл – куттуктоосу.

Урматтуу мекендештер жана достор! Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди келе жаткан Рождество жана Жаңы жыл менен куттуктап, чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана жашоодогу бардык жакшылыктарды каалайм! Таажывирустун айынан өтүп жаткан жыл жалпы адамзат үчүн эң оор жылдардан болуп калды. Дагы бир жолу “чыӊ ден-соолук” деген сөздөрдүн маанисин терең билдик жана бул жөн гана абстрактуу каалоо болбой калды. Пандемиянын таасири менен дүйнө бир топ өзгөрдү. Анын экономикалык, социалдык жана гуманитардык кесепеттеринин так көлөмү азырынча белгисиз. Учурдагы болуп көрбөгөндөй дүйнөлүк кризис дүйнөлүк соода жана транспорттук-логистикалык өз ара байланыш тутуму канчалык аярлуу жана морт экендигин көрсөттү. Ошол эле учурда, бардык деңгээлдерде санариптештирүү процесстеринин өсүшү байкалууда. Учурдан пайдаланып, ушул жылы Кыргызстандагы медициналык мекемелерге COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн зарыл болгон медициналык жабдуулар жана башка каражаттар түрүндө даректүү жардам көрсөтүүгө салым кошкон диаспоралык уюмдарга жана Германиядагы кыргызстандыктарга терең ыраазычылыгымды билдирем.

2020-жылы биз Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгиледик. Бул баарыбыз айрыкча маанилүү дата. Тилекке каршы, жылдар өткөн сайын биздин ардагерлер азайып баратат. Өзгөчө кымбаттуу ардагерлерге биринчи кезекте, чың ден-соолук жана кажыбас кайрат каалайм. 2020-жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы ар кандай тармактарда эки тараптуу мамилелердин алгылыктуу чыӊдалып, анын ичинде айрым иш-чаралар онлайн форматта жүрүп жаткандыгын баса белгилеп кетким келет. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү пандемияга каршы күрөшүүнүн алкагында да жүргүзүлүүдө. Жаңы жылдын башталышында бизди Кыргызстандын жашоосундагы маанилүү окуя күтүп турат – 2021-жылдын 10-январында,

Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоо жана жалпы республикалык референдум өткөрүлүп, анда биздин мамлекеттин башкаруу формасы жөнүндө маселе каралат. Жыйынтыгында, сиздерге дагы бир жолу куттуу жана ооматтуу Жаңы 2021-Жыл каалап кетүүгө уруксат этиӊиздер!

Ак тилегим менен, Эрлан АБДЫЛДАЕВ